• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташиев: Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуу – бул тарыхый чечим

Саясат 0

Бишкек, 20.11.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча Жогорку Кеңеште кабыл алынган макулдашуу тарыхый чечим болуп саналат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымына караганда, кыргыз-өзбек чек ара маселеси дээрлик 100 жылдан бери чечилбей келген. "Советтер союзу маалында, ага чейин дагы чек аралар такталбастан, азыркыга чейин кыжалат болуп келгенбиз. Бирок кечээ кабыл алынган чечимдин негизинде кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилип, такталып, делимитация маселелери бүттү. Эми өлкө президенттери кол койсо, кийинки жылдан баштап демаркация маселелерине өтөбүз", - дейт Ташиев.

УКМК төрагасы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы юридикалык жактан чек араларды тактоо маселесине чекит коюлгандыгын кошумчалады. "Кайсы мамлекет үчүн гана болбосун, чек араларды тактоо негизги маселе болуп эсептелет жана бул тарыхый окуялардын бирине кирет. Ошол тарыхый окуяларды биз өзүбүз аркылуу өткөрүп, өлкө парламентине даярдап келип, эл өкүлдөрүнүн макулдугу менен кечээ кабыл алгандыгыбызга мен жеке өзүм мамлекеттик кызматкер, жөнөкөй жаран катары сыймыктанам. Себеби ушул маселелердин баардыгы менин көз алдымда, менин катышуум менен болуп жатат", - деди ал.

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси мамлекет үчүн абдан маанилүү экендигин баса белгиледи. "Ага кечээги парламенттеги талкууга президент Садыр Жапаровдун баштан аягына чейин катышкандыгы далил. Документтердин бардыгы мыйзам чегинде кабыл алынды", - деп кошумчалады УКМК башчысы.

Пикир

Оставить комментарий