• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ташкентке кетти

Саясат 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев 22-мартта Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) кыргыз-өзбек чек арасы маселеси боюнча биргелшкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, анын сапарынын жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмеси өтөт.

Өкмөттөр аралык делегациянын кеңешмеси Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) үстүбүздөгү жылдын 24-25-мартында өтөт, анда кыргыз делегациясын – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жетектейт.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөттүк комиссиялар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселесин талкуулайт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан, аларды жакын арада жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий