• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ташиев: Кыргызстан менен Өзбекстан чыныгы достор жана стратегиялык өнөктөштөр

Саясат 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. Бизге кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жыйынтыктоо боюнча тарыхый миссия туш келди. Бул бир чети сыймык болсо, бир чети чоң жоопкерчилик. Бүгүнкү биргелешкен кеңешменин жыйынтыгы боюнча биз жакынкы арада биздин урматтуу президенттерибиз тарабынан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери жөнүндө келишимдин долбоорун кол коюуга даярдайбыз деп ишенем. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

"Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы жакын коңшулар, чыныгы достор жана стратегиялык өнөктөштөр. Кыргызстан Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, аймактар аралык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө толук даяр", — деди Камчыбек Ташиев.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өзбек тараптын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун макулдашууга толук түрдө чечкиндүүлүгүн ырастады.

"Эки республиканын өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин макулдашуу боюнча тыкыр иш алып барышты. Делимитациялоо процессинин аякташы биздин түбөлүк достугубуздун жана чыныгы бир туугандык мамилелерибиздин бузулбастыгын дагы бир жолу тастыктайт деп ишенем», - деди Абдулла Арипов.

Пикир

Оставить комментарий