• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Камчыбек Ташиев Самаркандек айылынын жашоочулары менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чек арага жакын аймактардын жашоочулары тууралуу маанилүү маселелер талкууланды.

УКМК башчысы К.Ташиев баардыгына кайрылып, бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин баса белгиледи.

Ошондой эле К.Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын айтты.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий