• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташиев Ынтымак айылынын тургундары менен жолукту. Жергиликтүүлөрдүн социалдык көйгөйлөрү чечилет

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын жашоочулары менен жолукту.

Жыйында негизги маселе катары "Кемпир-Абад" суу сактагычына, чек арага байланыштуу суроолор берилип, аларга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

Мындан сырткары, айыл тургундары көп жылдан бери чечилбей келе жаткан суу, жер маселелери бар экенин билдиришти.

“Мен жакынкы күндөрү Ынтымак айылына келип жеринде таанышам. Социалдык көйгөйлөрдү тез арада чечебиз”, - деп убада берди облус башчысы Жарасул Абдураимов.

Пикир

Оставить комментарий