• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташиев: ЖК депутаттарынын арасында өтө оор кылмышка шектүүлөр бар

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. “Араңарда өтө оор кылмышка шектүүлөр бар”, - деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, депутат Элвира Сурабалдиева УКМК кызматкерлери тарабынан анын туугандарына коркутуулар болуп, салык тууралуу маселелер көтөрүлүп жаткандыгын билдирди.

“Депутат Сурабалдиеванын үй-бүлөсүнө 3 миңден ашык контейнер иштеген “Кудайберген” базары таандык. Финансылык отчетто ар бир контейнерден 2-3 миң сомдон алынат деп жазылган. Бирок, иш жүзүндө 7 миң сомдон 15 миң сомго чейин чогултулат. Натыйжада бюджетке 70 млн сомго жакын салык төлөмдөрү түшпөй жатат. Бул факты боюнча протокол түзүлдү. Бул төлөмдөрдү төлөш керек, бул элдин акчасы. Парламент трибунасын колдонуп туура эмес маалыматтарды таратууну токтоткула”, - деди Ташиев.

Ташиев белгилегендей, УКМК эч качан эч кимге карата мыйзамсыз чечимдерди кабыл албайт.

“Эскерте кетейин депутаттарга карата иштер бар. Эртең дагы сөз кылып жүрбөгүлө. Азыр айрым депутаттарга карата оор кылмыштар боюнча кылмыш иштери даярдалып, экспертизанын жыйынтыгы даяр болуп калды. Жакында Башкы прокуратура иш козгосо, кайра адилетсиздик жөнүндө айтпагыла. Араңарда өтө оор иштерге шектүүлөр бар. Биз тыкыр иликтөө жүргүзүшүбүз керек. Жарандар тарабынан арыздар түшүүдө”, - деди ал.

Ташиев белгилегендей, бул иштер боюнча бардык териштирүүлөрдөн кийин акыркы чечимди сот чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий