• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташиев: Жогорку соттун төрайымына карата иш козголду

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалым жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, иш иликтенүүдө, тергөө аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жетиштүү далилдерди топтогон.

«Материалдарды дисциплинардык комиссияга өткөрүп бердик. Эгерде комиссия чечим кабыл алса ал жоопкерчиликке тартылат. Ал мыйзам бузуп, натыйжада чоң зыян келтирген деп эсептейбиз. Биз ишти аягына чыгарабыз», - деди Ташиев.

Ал кайсы иш боюнча сөз болуп жаткандыгын ачыктаган жок.

Пикир

Оставить комментарий