• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев “Барселона” клубунун жаштар курамасына кирди

Спорт 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Кыргызстандык футболчу Эмир-Хан Кыдыршаев “Барселона” клубунун жаштар курамасына расмий киргенин Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

“Кыргызстандык футболчу өзүнүн эмгегинин жана каалоосунун аркасында "Барселона" футбол клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алды”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаевдин буга чейин испаниялык "Леванте" клубуна аңгемелешүүгө чакырылганы айтылган.

Белгилей кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.

Пикир

Оставить комментарий