• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 17.07.21. /Кабар/. Кечээ, 16-июлда Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа биримдигинин Борбор Азиядагы жаңы дайындалган атайын өкүлү Тери Хакала айым менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын жана Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы башталган макулдашууну ишке ашыруунун алкагында аны андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Европа Биримдиги КРда жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда, анын ичинде 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык жана Аймактык индикативдик программалардын алкагында ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга бекем даярдыгын билдирди.

Кыргыз тарап дүйнөдө вакциналардын бирдей эмес жайылышы боюнча маселени көтөрүп, COVAX механизминин алкагында КРга вакциналарды бөлүп берүү процессин тездетүү өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, тараптар Афганистандагы тынчтык жараянынын айланасындагы кырдаалды, аны өнүктүрүүнүн божомолдорун жана Афганистандын аймагында тынчтыкты орнотуу боюнча биргелешкен кадамдарды өзүнчө талкуулашты.

Жолугушууда 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Биринчи Европа биримдиги - Борбор Азия экономикалык форумун даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий