• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкент аэропортунда жарым кило алтын катып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. 28-июлда «Ташкент» аэропортунда көтөн чучугуна жарым килограммга жакын алтын катып өтүүгө аракет кылган эркек киши кармалды. Бул тууралуу мекеменин жетекчилигине жакын өз булактар кабарлашты.

«Текшерүү маалында сканерлөө жабдуусу анын организминде металл бар экенин көрсөткөн. Көтөн чучугун текшергенде презервативге салынган 400 граммдан ашык алтын табылды. Алынган алтындын жалпы баасы 12-17 миң долларды түздү», – деди булак.

Бул факты боюнча Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан «Өлкөдөн мыйзамсыз чыгуу», «Аткезчилик» жана «Бажы мыйзамдарын бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Азырынча кармалган намангандык жарандын кайсыл жерде экендиги белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий