• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкент акимчилиги имамдарды көп аял алууга каршы күрөшүүгө чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. 1-мартта Ташкенттин жетекчилиги борбордогу имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу шаар акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жолугушууда борбордогу мечиттердин абалы жөнүндө сөз болду. Анда калаа жетекчилиги имамдарды жаман жолго түшкөн жарандарга жардам берүүгө жана мечитке түшкөн акчаны туура пайдаланууга чакырды.

Мындан тышкары жолугушууда өзбек коомчулугундагы көп аял алуу маселеси көтөрүлүп, шаар бийлиги имамдарды бул көрүнүштү жоюуга жана Жарандык актыларды каттоо мекемесинин күбөлүгү жок нике кыйбоого үндөштү.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Ташкентте 119 мечит бар.

Пикир

Оставить комментарий