• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ташкент ашы Гиннес китебине кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 08.09.17 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү бүгүн Ташкентте 7,36 тонна ашты даярдоо боюнча дүйнөлүк рекордду катташты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысы жеринен маалымдады.

Аш O’zbegim салттуу маданият фестивалынын алкагында 6 саат бою 50 ашпозчу тарабынан даярдалды.

Адистердин айтымында, өзбек ашынын 100дөн ашуун түрү бар. Мында “ташкенттик үлпөт той ашы” жасалды.
Guinness World Records вице-президенти Ричард Стэннинг уюштуруучуларга “Officially amazing” тиешелүү жазуусу бар сертификатын тапшырды.

Даярдалган аш фестивалдын катышуучуларына жана меймандарына таратылды. Калган бөлүгү балдар, карылар жана майыптар үйлөрүнө жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий