• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Ташкент-Балыкчы" каттамдары боюнча билеттер сатыла баштады

Коом 0

Бишкек. 01.05.19 /Кабар/. “Өзбек темир жолдору” Ташкент-Балыкчы каттамдарын жай мезгилине карата кайрадан жандандырды. Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” ишканасы маалымдады.

Былтыркыдай эле поезд жумасына бир жолу, бейшемби күндөрү каттайт. Билеттер сатыла баштады, 25-55% чейинки жеңилдиктер бар.

Бишкектен Ташкентке чейинки жол кире: плацкарт вагондору 1946 сомдон, купе вагондору 2461 сомдон, люкс вагондор 4 602 сомдон башталат.

Топ-топ уюшкан жүргүнчүлөргө 30% чейинки жеңилдиктер бар. Поездде вагон-ресторандын кызматынан пайдаланууга болот. Бишкектен Ташкентке чейинки убакыт –20 саат 30 мүнөт.

Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Ташкент каттамы боюнча алгачкы курам 2018-жылы 22-майда Ташкенттин Борбордук бекетинен сапарга чыккан. Поезд тогуз вагондон турган. Ал 300 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган.

Пикир

Оставить комментарий