• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Ташкент-Балыкчы» туристтик поезди каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. «Ташкент-Балыкчы» туристтик поезди каттай баштады, - деп билдирет "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган поезд каттамы Өзбек темир жолунун поезд курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

"7-июнь жума күнү аталган поезд борбордук “Бишкек I” темир жол бекетине келди. Ал эми 8-июнь күнү кайрадан Ташкент шаарына жөнөп кетти. Поездде вагон-ресторан иштеп, бардык ыңгайлуу шарттары бар", - деп билдиришти ишканадан.

8-июндан тартып, ар ишемби күнү саат 04:59да Балыкчыдан жөнөп, ар жекшемби күнү Ташкент убактысы боюнча саат 05:00дө Ташкент шаарына келет.

"Ошентип, аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Балыкчыдан кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет", - деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: (0312) 926847, 926854, 926840, 300209, 300618, 927475, 300376

Пикир

Оставить комментарий