• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ташкент-Балыкчы” жүргүнчүлөр поездин ачуу маселеси макулдашылды

Коом 0

Бишкек, 19.12.17./Кабар/. “Ташкент-Балыкчы” жүргүнчүлөр поездин ачуу маселеси макулдашылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты.

Макулдашууга ылайык, 2018-жылдын жай мезгилинде жумасына бир жолу “Ташкент – Балыкчы” багыты боюнча Өзбекстан темир жолунун поезд курамы каттай баштайт.

“Учурда поезддин ырааттамасын жана жол жүрүү акыларын тактоо иштери жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий