Ташкент: бешинчи кабаттан кулап кеткен баланын абалы жакшы

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Ташкентте бешинчи кабаттан кулап кеткен үч жашар баланын абалы жакшы экенин билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, төмөн жактан коңшулары баланы жууркан жайып тосуп алгандыктан, ал олуттуу жаракат алган эмес. Чакыруу менен барган тез жардам кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөткөндөн кийин наристе ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

14-январда Ташкенттин Алмазар районунда үч жашар бала бешинчи кабаттан кулап кеткен. Интернетке ал учур тартылган видео жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий