• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкент-Душанбе аба каттамын калыбына келтирүү кийинки жылга чейин жылдырылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Өзбекстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү Ташкент жана Душанбе шаарларынын ортосунда аба байланышын калыбына келтирүүнүн так мөөнөтүн аныкташа элек.

Октябрдын ортосунда тараптар эки шаардын ортосундагы аба байланышын 1-ноябрга чейин калыбына келтирүү маселесин талкуулашкан. «Азия-Плюс» басылмасы өз булактарына таянып, көп өтпөй бул мөөнөт 1-декабрга жылдырылганы, азыр каттамдарды 1-январдан тартып аткара баштоо каралып жатканын билдирүүдө.

Булактын айтымында, бул боюнча акыркы чечим кабыл алууга эки өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын оордугу себеп болууда.

Ал ортодо Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги Ташкентке каттамдарды аткарууга уруксат алганы, бирок алгачкы каттамдын датасы белгисиз экени кабарланууда.

Агенттиктин кызматкери жакынкы күндөрү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү онлайн-жолугушуу өткөрүп, каттамдардын жадыбалы бекитиле турганын билдирди.

Ташкент менен Душанбенин ортосундагы аба байланышы 16-мартта коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий