• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкент менен Алматы дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын бешилтигине кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Британиялык The Economist басылмасы Өзбекстандын Ташкент жана Казакстандын Алматы калааларын дүйнөдөгү эң арзан шаарлардын бешилтигине киргизди.

2020-жылдагы шаарлардын жашоо деңгээлин Economist Intelligence Unit иликтеген. Анда дүйнөдөгү 130 шаарда азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүнүн 138 түрү боюнча салыштыруу жүргүзүлгөн. Нью-Йорк эталон катары эсептелген – ал жакта жашоо деңгээли жүз баллга бааланган. Калган шаарларга жашоонун кымбат же арзандыгына карата жогорку же төмөн баллдар ыйгарылган.

Иликтөөнүн авторлору Дамаск (Сирия), Ташкент (Өзбекстан), Лусака (Замбия), Каракас (Венесуэла) жана Алматыны (Казакстан) эң арзан беш шаардын катарына кошкон.

Ошол эле маалда Цюрих (Швейцария), Париж (Франция), Гонконг (Китай), Сингапур жана Тель-Авив (Израиль) дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын бешилтигин толуктаган.

Пикир

Оставить комментарий