• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкент менен Алматы дүйнөнүн эң арзан шаарлары деп табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. The Economist Intelligence Unit изилдөө компаниясынын жаңы рейтингине ылайык, Казакстандын Алматы шаары менен Өзбекстандын баш калаасы Ташкент жашоо үчүн дүйнөдөгү эң арзан шаарлар деп табылды.

Рейтингде Ташкент 132чи, Алматы 131-орунга жайгашкан.

Изилдөөнүн авторлору Ташкент менен Алматыда азык-түлүктүн арзан экенин белгилешкен. Алсак, Өзбекстандын баш калаасында бир килограмм нандын баасы болгону 1,05 доллар, Алматыда 0,96 доллар деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Казакстан менен Өзбекстанда чач тарачтардагы кызмат көрсөтүү акылары жана кийим-кече арзан экендиги жазылган.

Рейтингдеги эң кымбат шаарлардын сап башына мурдагы жылдардагыдай эле Гонконг жана Сингапур жайгашкан. Быйыл алардын катарына Япониянын Осака шаары да кошулган.

Пикир

Оставить комментарий