• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ташкент менен Ашхабад Афганистандагы экономикалык кызыкчылыктарын талкуулашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Эки өлкө үчүн маанилүү кездешүүдө алар ушул күндө чөлкөмдө талкууга алынып жаткан Афганистан маселесин сүйлөшүштү.

5-октябрдагы жолугушууда эки президент тең Афганистан элине жардам берүүнү уланта берерин айтышты.

Мирзиёев Ооганстандагы абал “чөлкөмдүн коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүшүнө” өз таасирин берерин белгиледи.

Түркмөнстан менен Өзбекстан үчүн ири пайда алып келе турган, бирок бул үчүн Афганистанда туруктуулук керек болгон ири долбоорлор бар.

Түркмөнстан үчүн бул узундугу 1800 чакырымды түзгөн Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия газ кууру долбоору болуп эсептелет. Муну менен жыл сайын 33 миллиард кубометр түрмөн газын экспортоо пландалган.

Долбоор Афганистанда туруктуулуктун жоктугуна байланыштуу 1990-жылдардын аягынан бери эле ишке ашпай келет.

Өзбекстан үчүн болсо бул – темир жол жана жаңы жогорку кубаттуулуктагы электр өткөрүү линиясын куруу.

Өзбекстан Афганистандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф менен темир жол аркылуу байланышат. Кытай бул маршуртту колдонуу менен Афганистанга товарларды жөнөтүп турат. НАТО болсо Европа жана Афганистан ортосундагы жүк үчүн өзбек темир жолун пайдаланат.

Июль айынан бери өзбек президенти Мирзиёев Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен эки жолу жолугушкан. Экөөндө тең Мазари-Шарифтен Кабул аркылуу Пешеварга чейин темир жол куруу маселеси талкууланган.

Бул каттам Өзбекстанды Пакистан порттору аркылуу Азиянын башка өлкөрү жана Европа менен байланыштырып турмак.

Ушул тапта болсо Түркмөнстан менен Өзбекстан Афганистанга электр кубатын экспорттойт.

Афганистанда жеткирилген электр кубатынан Түркмөнстан жылына 51 миллион доллар, Өзбекстан 171 миллион доллар алып турган.

Пикир

Оставить комментарий