• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ташкент метросунда үйлөнүү той үчүн видео тарткан тиктокчулар тобу жазаланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Ташкент метросунда үйлөнүү той үчүн видео тарткан тиктокчулар тобу жазаланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин билдирүүсүндө метродо видео жана сүрөт тартууга тыюу жок экени, бирок бул ишти коомдук тартипти бузбай жасоо керектиги белгиленген.

«Коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузуп, карантиндик режим маалында беткапсыз жүрүүгө болбойт», — деп жазылган билдирүүдө.

Тиктокчуларга карата «Майда бейбаштык», «Эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» жана «Метрополитенди колдонуу эрежелерин бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ар бири 980 миң сум (93 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий