• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкент-Тамчы аба каттамы ишин жандандырды

Коом 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Ташкент-Тамчы жана Тамчы-Ташкент чартердик аба каттамы ишин жандандырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал каттам боюнча учак жайкы мезгил аралыгында 27-июндан 6-сентябрга чейин жумасына бир ирет – бейшемби күндөрү учуп турат.

Элди Airbus A320 учагы ташып, ал 150 орундуу. Билет баасы 18 миң сомду (болжол менен 260 доллар) түзөт.

Пикир

Оставить комментарий