• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ташкент-Ысык-Көл түз автобус каттамы жакынкы күндөрү иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Өзбекстандын туристтик компаниялары Ташкенттен Ысык-Көлгө чейинки түз автобус каттамыy ишке киргизүү боюнча маселенин үстүндө иштөөдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Ал эки өлкө президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиеёвдин макулдашуусу менен Ташкент-Балыкчы поезди ишке киргендигин эске салды. Каттам март айынан баштап ар бир бейшемби күндөрү каттай баштаган. 4-июндан тарта кошумча Ташкент-Бишкек авиа рейси кошулган. Жакынкы убакта Ташкенттен Тамчыга чейинки аба каттамы калыбына келтирилет.

Анын айтымында, майдын башынан тарта Ташкент менен Бишкектин ортосунда автобус каттамы ачылган. Андан тышкары, Ош – Андижан, Ош – Фергана чек ара шаарлары ортосундагы автобус каттамын ачуу маселеси иштелип жатат.

“Туристтик компаниялар Ташкенттен Ысык-Көлгөн чейин түз автобус каттамын ачуунун үстүндө иштеп жатышат. Бул Өзбекстанга жана Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет”, - деп билдирди элчи.

Пикир

Оставить комментарий