• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ташкент – Ысык-Көл – Ташкент” багыты боюнча поезд май айында каттай баштайт

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. «Узбекистон темир йуллари» ишканасында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков башында турган Кыргызстандын темир жол администрациясынын делегациясы менен жолугушуу болуп, анда эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өзбек темир жол компаниясынын маалымат борборунан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууну жандандыруу, “Ташкент – Ысык-Көл – Ташкент” багыты боюнча каттамдарды жандандыруу, «Узбекистон темир йуллари» компаниясынын Бирдиктүү диспетчердик борбору менен кыргыз темир жолу аймагында Жалал-Абад станциясынын поезддик диспетчеринин ортосунда диспетчердик түз байланыштарды орнотуу жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

«Узбекистон темир йуллари» башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Хуснутдин Хасилов үч тараптуу эксперттик жумушчу тобунун ишмердүүлүгүнүн алкагында тыкыз кызматташтыкка даяр экенин белгилеп, кыргыз темир жолунун тилкесинде узундугу 280 км болгон оптималдуу маршрут вариантын тандоону колдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Ташкент – Ысык-Көл – Ташкент” жүргүнчү ташуучу поездди дайындоо макулдашылды. Темир жол каттамы жумасына бир жолу аткарылып, ал беш айга созулат.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Узбекистон темир йуллари» жана «Кыргыз темир жолу» ишканаларынын ортосунда жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий