• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкенте «Яндекс.Таксиде» мыйзамсыз иштеп жүргөн таксисттер кармалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Өзбекстанда Транспорт агенттиги Ташкентте «Яндекс.Такси» кызматынын мобилдик тиркемесин колдонуп, бирок лицензиясы жок жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн 50 айдоочу кармалганын билдирди. Рейд 25-майда башталган.

– Ташкентте мобилдик телефонуна «Яндекс.Такси» тиркемесин жүктөп алып, жүргүнчүлөрдү ташыган таксисттер көбөйдү. Азыр биз рейддерди өткөрүп, мындай таксисттерди кармап жатабыз, – деди агенттиктин өкүлү.

«Яндекс.Такси» кызматы Ташкентте расмий түрдө апрелден тарта иштей баштады. «Яндекс.Таксинин» Москвадагы кеңсесинин өкүлү Надежда Леонидова компаниянын рейд учурунда кармалган такситтер менен тиешеси жок экенин айтты. “Биз расмий каттоосу жана лицензиясы бар гана жергиликтүү өнөктөштөрүбүз менен иштейбиз”,– деди ал.

«Яндекс.Таксиге» сайт же мобилдик тиркемелер аркылуу буюртма берсе болот. Ынгайлуу жана арзан болгондуктан, Ташкентте ага карата суроо-талап өсүүдө.

Ташкенттик таксисттердин биринин айтымында, лицензия алуу жана компаниянын талаптар менен иштөө өтө кымбатка турат. «Ай сайын лицензия алуу үчүн 450-600 миң сум (50 доллардан ашык) төлөш керек. «Яндекс.Такси» 20 пайыздык комиссия кармап калат. Андыктан көптөгөн таксисттер «Яндекс.Такси» тиркемесин жүктөп алып, лицензиясы жок иштешет», –дейт ал.

«Яндекс.Такси» кызматынын ишмердүүлүгү жергиликтүү таксисттердин арасында нааразылык жараткан. Алар Транспорт агенттигине кайрылып, мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдү тыюуну суранышкан.

Пикир

Оставить комментарий