• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте 11 ири базардын жетекчиси кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдиргендей, Ташкенттеги 11 ири базардын жетекчисине кылмыш иши козголду, алар мамлекеттик кампаларда пияздарды чиритип жиберүүгө айыпталууда.

Базар жетекчилери 30-июнда эле кармалган, бирок бул тууралуу эми гана белгилүү болду.

Быйыл Ташкент базарларында элге дээрлик үч тонна пияз бекер таратылган. «Тошбозорсавдо» ассоциациясынын жетекчилеринин бирини айтымында, шаардагы базар башчыларынын камалышына ушул окуя себеп болушу ыктымал.

– Камалган базаркомдор мамлекеттик бюджетке 12 миллиард сум (1,5 миллион АКШ доллары) зыян келтирүүгө айыпталууда. Өткөн күздө пияздарды кампада сактоо үчүн 12 миллиард сум бөлүнгөн. Бирок бул акчага сатып алынган пияздар жазында чирип кеткен. Базаркомдор келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн жүргүзүлгөн текшерүү учурунда кармалышкан, – деди ассоциация өкүлү.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын өкүлү бул маалыматты тастыктады.

Быйыл февралда базар жетекчилери пияз баасы арзан болуп жатканын, аларды кампаларда сактоо үчүн шарт жок экенин айтып, тиешелүү уюмдарга кайрылышкан. Бирок жазуу түрүндөгү кайрылуу жоопсуз калган.

Пикир

Оставить комментарий