• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ташкентте айдоочулардын жарышы пенсионердин өлүмүнө алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын кабарлашынча, жол кырсыгы 29-мартта таң эрте катталган. Аварияга бир нече айдоочунун катуу ылдамдыкта жарышуусу себеп болгон.

Кийин белгилүү болгондой, алар 28-мартта түнү бою көңүл ачуу жайларынын биринде эс алышкан.

«Азыр алар эмне себептен ортодо талаш пайда болгонун эстей албай жатышат. Бири ачууланган курбусунан качып кетүүгө аракет жасаган, калгандары аны артынан кууган. Айдоочулардын бири ылдамдыкты жогорулатып, “Газель” кичиавтобусу менен кагышып кеткен», – деп айтылат билдирүүдө.

Авариянын кесепетинен бир нече киши ар кыл деңгээлдеги жаракат алды, 62 жаштагы аял окуя болгон жерде мерт болду.

Пикир

Оставить комментарий