• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте Арал боюнча эл аралык конференция өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. 8-июнда Ташкентте “Арал катастрофасынын кесепеттерин жумшартуу боюнча бирге аракеттенүү: жаңы ыкмалар, инновациялык чечимдер, инвестициялар” деп аталган эл аралык конференция өтөт.

Иш-чарада Арал кырсыгынын кесепеттерин азайтуу боюнча аткарылып жаткан иштерге анализ жүргүзүлүп, аймактагы экологиялык, социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуунун жолдору талкууланат.

Форумга парламенттердин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коомдук уюмдар, 20дан ашуунун өлкөнүн эксперттери, дипломатиялык корпустар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Конференция катышуучуларынын арасында БУУнун башкы катчысынын адамзат коопсуздугу боюнча атайын кеңешчиси Юкио Такасу да бар.

7-июнда конференциянын катышуучулары Аралдын алдындагы аймактарга – Нукус менен Муйнакка барышат. Ал жерде Арал деңизинин соолуп калган түбүндөгү кемелердин көрүстөндөрүн көрүп, экологиялык абал менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүшөт.

Пикир

Оставить комментарий