• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте БА өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары жана АКШнын мамкатчысынын жолугушуусу болду

Саясат 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. 3-февралда Ташкент шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков башында турган делегация «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташуу форматындагы жолугушууга катышты. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы катышты. Жолугушуунун катышуучулары региондук соода, чек ара коопсуздугу чөйрөсүндө жана суу-энергетика секторунда кызматташуу маселелерин талкуулашты.

КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук приоритеттерин айтып өттү. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерде жана алардын АКШ менен мамилелеринде соода-экономикалык кызматташууга басым жасоо менен ушул форматта региондук өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү сунуш кылды.

Бул иш-чаранын алкагында министр Ч.Айдарбеков бир катар эки тараптуу жолугушууларды, атап айтканда, Өзбекстандын тышкы иштер министри А.Камилов жана АКШнын мамлекеттик катчысы М.Помпео менен жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий