• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташкентте базарлар менен соода комплекстери жабылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. 24-марттан тарта Ташкенттеги азык-түлүк сатылбаган бардык базарлар жана соода комплекстери убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаар акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ошол эле маалда дыйкан базарлары, супермаркеттер жана азык-түлүк дүкөндөрүнүн ишине чектөөлөр киргизилбейт. Шаардагы ооруканалар, бейтапканалар жана дарыканалар да ишин улантышат.

Мындан тышкары коомдук тамактануу жайлар да тамактарды үйгө жеткирип берүү тартиби боюнча иштей беришет.

Акыркы бир сутканын ичинде Өзбекстанда дагы үч адамдан коронавирус аныкталып, илдетке чалдыккандардын жалпы саны 49га жетти.

Пикир

Оставить комментарий