• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте бир үй-бүлөдө төрт бала газга ууланып мерт болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Ташкенттин Чиланзар районунда 6дан 22 жашка чейинки төрт бала газга ууланып каза болду.

Ташкент администрациясынан кабарлашкандай, учурда экспертиза жана тергөө иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү ММКлар 30-октябрда беш кишиден турган үй-бүлө Ташкенттеги кафелердин биринде шишкебек жегенин кабарлашкан. Маалыматта "Үйгө келгенде апасы өзүн жаман сезип, балдар болсо уктап калган. Эртең менен үч кызы жана уулу өлүп калган. Аял ооруканага жаткырылган" деп айтылган.

Бирок кийинчерээк өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги трагедияга шишкебек эмес, үйдү жылытуу үчүн колдонулган истүү газ себеп болгонун билдирди.

Өткөн аптада Наманган облусунун Чуст районунда шишкебектен эки киши набыт болуп, алтоо оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү кабарланган. Ошол эле күнү ондогон киши дарыгерлерге кайрылган. Алар район базарындагы ашканадан шишкебек жеп ууланганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий