• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте Борбор Азиядагы белгилүү эндокринологиялык борбор башка жерге көчүрүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Борбор Азия боюнча белгилүү Ташкенттеги Республикалык эндокринологиялык борбор башка жерге көчүрүлөт.

Борбордун кызматкерлери сентябрда Ташкенттеги медициналык шаарчанын жанындагы жаңы курулган имаратка көчүп барышарын айтышты.

- Ташкенттеги Республикалык эндокринологиялык борборду түрттүрүп, бошогон жерди анын жанында курулган президенттик мектепке кошушат деп айтып жатышат, - деди борбордун дарыгерлеринин бири.

Бейтаптар көч мезгилинде жашоо үчүн керектүү процедураларды албай калабызбы деп кооптонушууда.

Ташкенттеги борбор жайгашкан Мирзо-Улугбек району жер тилкеси кымбат аймактардын катарына кирет. Бул жерде бир гектар жер 20 миллион сумдан ашат же 2 миллион доллардай болот.

Эндокринология борборунда элүүдөн ашуун дарыгер иштейт. Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, бул жерден күнүгө 50 миңден ашуун кишиге жогорку технологиялык кызмат көрсөтүлсө, 8 миңден ашуун бейтап стационардык жардам алат.

Пикир

Оставить комментарий