• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлду

Маданият 0

Ташкент, 11.03.21. /Кабар/. Шаршембиде Өзбекстандын борбор шаарындагы улуу кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюу аземи өттү деп билдирет “Кабар” агенттигинин Ташкенттеги кабарчысы.

Өзбекстандын жазуучулар союзунун төрагасы, республиканын эл акыны Сирожиддин Саййид аземдин башында сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы адабий мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Өзбекстандын презденти Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылы апрелдеги “Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири майрамдоо тууралуу” чечими – боордош элдин адабий чыгармаларына болгон чоң урматтоонун белгиси.

“Биз боордош элдердин достук мамилелери тууралуу айта турган болсок, Алишер Навои, Низами Гянджев, Физули, Абай Кононбаев, Чынгыз Айтматов тууралуу эскеребиз. Бул Алишер Навои, Низами, Физулин, Абай, Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген өзбек окумуштууларынын алгылыктуу иштери уланып жатканына байланыштуу, ал эми кийинки муундар алардын ата-бабаларынын чыгармаларын изилдеп, которушат”,-деп белгиледи ал.

Иш-чарага жазуучулар, алдыңкы театрлардын артистери, Кыргыз улуттук маданий борборунун өкүлдөрү, Ташкент шаарынын коомчулугу катышты.

Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапарынына арналды.

Пикир

Оставить комментарий