• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташкентте Чыңгыз Айтматов атындагы көчө пайда болду

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөөгө байланыштуу Ташкентте (Өзбекстан) жазуучунун атындагы көчө пайда болду. Бул тууралуу өзбек ЖМКры билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨРнын президенти Шавкат Мирзиёев КРнын эл жазуучусу жана коомдук ишмердин мааракесин кеңири белгилеп, калаадагы борбордук көчөлөрдүн бирине анын ысымын ыйгарууну тапшырган.

Ташкент шаардык кеңешинин эл өкүлдөрүнүн чечими менен Бодомзор йули көчөсү Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүлдү.

Пикир

Оставить комментарий