• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкентте Чыңгыз Айтматов атындагы көчө пайда болот

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ташкентте кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүргөн көчө пайда болот. Аталган токтом Өзбекстан президентинин сайтында жарыяланган.

Ага ылайык, Өзбекстанда белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата бир катар иш-чаралар уюштурулат.

Андан тышкары, “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аталышындагы эскерүү китеп жыйнагы басылып чыгаруу пландалууда. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм тасма тартылат. Ташкент шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине жазуучунун ысымын ыйгаруу жана анын элесин түбөлүккө сактап калуу максатында Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 мектепке айкел тургузуу пландалууда.

“Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов – чыгаан инсан жана бир гана кыргыз элинин эмес, бүтүндөй түрк элинин, Өзбекстан калкынын сыймыгы”,-деп айтылат сайтта.

Пикир

Оставить комментарий