• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун 92 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Кечээ, 22-декабрда Ташкенттеги сүрөттөр үйүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 92 ​​жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу КРнын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнү Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Өзбекстандагы Элдик дипломатия борбору менен биргеликте уюштурган.

Фотокөргөзмөдө биринчи жолу Чынгыз Айтматовдун уулу, жазуучунун Үй-музейинин жетекчиси Элдар Айтматовдун үй-бүлөлүк архивинен алынган 70тен ашуун уникалдуу сүрөттөр көрсөтүлдү.

Көргөзмөнүн ачылыш аземинде Элдар Айтматовдун иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна жолдогон видео кайрылуусу көрсөтүлдү.

Иш-чарада ШКУнун Элдик дипломатия борборунун директору Кобилжон Собиров, элчиликтин биринчи катчысы Азамат Алманбетов, Өзбекстандын Улуттук университетинин алдындагы «Чынгыза Айтматов» борборунун башчысы Ахмаджон Мелибоев, Өзбекстандагы Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Рахматулла Жаббаров, ошондой эле «Өзбекстан-Кыргызстан» достук коомунун аткаруучу директору Зухриддин Исомуддинов дагы сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчилик Өзбекстанды жана анын элин чын жүрөктөн сүйгөн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерип, урматтагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Фотокөргөзмөнүн ачылышында ошондой эле Өзбекстандын Көркөм академиясынын, Өзбекстан Жазуучулар союзунун, Ташкенттеги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, мекендештер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары катышты.

Фотокөргөзмө 2021-жылдын 22-январына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий