• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте Covid-19 жуктургандар үчүн курулган оорукана бейтаптарга толду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Өзбекстанда атайын Covid-19га кабылган бейтаптар үчүн курулган Ташкент облусунун Зангиата районундагы эки оорукананын бирөө толуп, бейтаптарды кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу аталган медициналык жайдын директорунун орун басары Олимжон Исхаков "Өзбекстан 24" телеканалынын эфиринде билдирди.

"2 миң кишиге ылайыкташкан ооруканабыз 2550 бейтапты кабыл алды. Акыркы жумадан бери күн сайын 350дөн киши жаткырылып жатты. Бош орундар жок калгандыктан, бейтаптарды кабыл алууну токтоттук", — деди ал.

Социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеолордон аталган оорукананын төрт кишиге ылайыкташкан палаталарында алты-жетиден киши жатканын көрүүгө болот.

Ал ортодо Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев баш калаадагы төрт ковид-борбордун ишин калыбына келтирүү тапшырмасын берди.

​Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын маалыматына караганда, акыркы эки жумадан бери өлкөдө коронавирустан күн сайын 3-4 кишиден каза болууда.

Өлкөдө вирус жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу өткөн жумада Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 28-июндан 12-июлга чейин Өзбекстанда карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий