• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте дарыгерлер бир тууган үч наристенин өлүмү үчүн соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Ташкентте Алмазар райондук соту 2017-жылы ноябрда удаалаш көз жумган бир тууган үч наристенин өлүмү үчүн эки дарыгерди күнөөлүү деп тапты.

Алмазар райондук соту дарыгер Муса Юсупованы беш жыл бир айга, Нодира Туляганованы алты жылга эркинен ажыратты.

Сотто наристелер дарыгерлердин шалаакылыгынан улам көз жумганы аныкталган. Маркумдардын туугандары инфекциялык оорукананын дарыгери Хусан Гиясовго карата чара көрүлбөгөнүнө даттанышууда. Алардын айтымында, жети жашар Муниса, алты жашар Мухлиса, жана төрт жашар Мохира Учтепа райондук инфекциялык ооруканасынын дарыгерлери кош көңүл мамиле жасашкандыктан, бир нече сааттын ичинде биринин артынан бири көз жумган.

– Инфекциялык оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгери 21:00дөн тарта түндүн бир оокумуна чейин эч нерсе кылган жок. Дарыгерлер 1:30да 6 жаштагы Мухлиса чарчап калганда гана чуркай башташты. Биз кыздарыбыздын өлүмүндө Хусан Гиясов негизги күнөөлүү деп эсептейбиз. Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен кайрадан арыз жаздык, – деди маркумдардын туугандарынын бири.

Ташкенттик наристелер 2017-жылы нобярда көз жумган. Алардын эн кенжеси тез жардам унаасында, калган экөө ооруканада жан бергени айтылган.

Буга чейин бөбөктөр шишкебекке ууланганы кабарланган. Бирок алардын жакындары бул маалыматты четке кагышкан.

Пикир

Оставить комментарий