• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ташкентте «Домбрабадский» деген ат менен белгилүү криминал төбөлү кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Өзбекстандын ИИМ кызматкерлери кылмыш дүйнөсүндө «Шахрат Домбрабадский» деген ат менен белгилүү 61 жаштагы криминал төбөлү Шахратилла Носировду Ташкенттеги үйүнөн кармап кетишти. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Алардын айтымдарында, Шухратилла Носиров менен анын 62 жаштагы агасы Шавкат Носиров бир күндүн ичинде кармалса, 55 жаштагы карындашы Гүлнора Расулова он күндөн кийин кармалган.

Алгач «тоноо» жана «уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүккө катышуу» беренелери боюнча айыпталган Шухратилла Носиров 1993-жылы камалып, 23,5 жыл түрмөдө отуруп чыккан.

Өзбек ИИМинин кызматкери кабарлагандай, Ташкентте бир тууган Носировдорду колго түшүрүү боюнча атайын операция өткөрүлгөн. Носировдун туугандарынын айтымында, алар жашаган маалеге беткап кийген күч түзүм кызматкерлери келишкен.

«Беткап кийген ондогон күч орган кызматкерлери маалени курчап алышты. Атайын операция болжол менен кечки саат 7-8дерде болду. Алгач унаанын ичинде отурган милиция өкүлдөрү кримтөбөлдүн агасы Шавкат Носировду кармашты. Кийин Шахрат Носировдун үйүндө тинтүү жүргүзүп, өзүн милиция бөлүмүнө алып кетишти», — деди туугандардын бири.

Маалыматка караганда, учурда бир тууган Носировдор Өзбекстан ИИМинин тергөө абагында кармалышууда. Бул атайын операциядан он күн өткөндөн кийин укук коргоо органдары Носировдордун карындашы Гүлнора Расулованы дагы кармашкан.

Криминал төбөлүнүн коңшуларынын бири Носировдор бөлөсү Бахадыр Шароповдун даттануусунун негизинде кармалганын билдирди. Анын айтымында, Шухрат Носиров өзүнө таандык үйдү бөлөсүнүн сатам дегенине жинденип, анын бардык документтерин тартып алган.

Бирок Бахадыр Шаропов бул маалыматтарды четке какты. «Мен эч жакка даттанган эмесмин, тескерисинче Шавкат-ака менен Шухрат-ака даттанган. Алар мага жалаа жапканы үчүн кармалышты», — деди ал.

Пикир

Оставить комментарий