• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте III эл аралык “Нооруз обондору” фестивалы өттү – КР ТИМ

Маданият 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. 25-27-мартта Ташкентте көп үндүү ансамблдердин жана улуттук аспаптардын оркестрлеринин III эл аралык “Нооруз обондору” фестивалы өттү. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, иш-чарага өзбек музыкалык мектептеринин ансамблдери жана оркестрлери, ошондой эле Казакстан жана Тажикстан өкүлдөрү катышты.

“Кыргызстандын атынан М.Абдраев атындагы жатак мектебинин жана Бишкек маданият жана туризм башкармалыгына караштуу Ж.Шералиев атындагы №6 балдардын музыкалык искусство мектебинин аткаруучулары катышты” , - деп билдиришти ведомстводон.

Ошондой эле, басма сөз кызматы иш-чаранын жыйынтыгы боюнча кыргыз эл аспаптар ансамблине 1-орун жана 1-даражадагы Лауреат наамы ыйгарылганын билдирет.

Жыйынтыктоочу гала-концертине КР элчиси Данияр Сыдыков жана Өзбекстан Республикасынын «Соглом авлод учун» (Саламат муун үчүн) эл аралык кайрымдуулук фондунун төрагасы Светлана Инамова катышты. С.Инамова өз кезегинде кыргыз делегациясына иш-чарага катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий