• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте көп кишинин катышуусунда той өткөргөн жубайларга айып салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Ташкентте 30дан ашык киши чакырып үйлөнүү тоюн өткөргөн түгөйлөргө айыппул салынды.

Маалыматка караганда, Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы үйлөнүү үлпөт учурунда тартылган видео соцтармактарга тарагандан кийин тойго көп киши чакырылганын аныктаган.

Башкармалык тараткан маалыматта видео 9-сентябрда тартылганы, конокко 40тан ашуун киши чакырылганы айтылат.

Бул факт боюнча “Эпидемия менен күрөшүү эрежелерин бузуу” беренеси боюнча протокол түзүлдү. Ага ылайык, жаш жубайлар 430 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Өткөн аптада Коронавирус менен күрөшүү башкармалыгы 30дан ашпаган кишинин катышуусунда той өткөрүү тартиби бери дегенде сентябрдын аягына чейин сакталарын маалымдаган.

Өзбекстанда 15-августтан тартып карантин чаралары жумшартыла баштаган. Ошондон бери аз кишинин катышуусунда той өткөрүүгө да уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий