• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте камактагылар үчүн карантин аймагы түзүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Жакын арада Ташкент облусунун Ангрен шаарында 3 миң кишиге ылайыкташтырылган карантин аймагы түзүлөт. Бул тууралуу Өзбекстан Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул тапта карантин зонасынын жаңы имаратын долбоорлоо иштери башталды.

Бул арада башка жабык мекемелерде коронавирус инфекциясын жугузуп алгандарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча санитардык борборлорду түзүү пландалууда.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Адилов COVID-борборлорун түзүү үчүн 300 миллион сум, 4 кычкылтек баллону, 60 даана пульсоксиметр жана өпкөнү жасалма желдетүүчү бир нече аппарат бөлүнгөнүн билдирди. Мындан тышкары донордук жана бюджеттик каражаттардын эсебинен COVID-19га каршы препараттар жана коронавирусту аныктоочу тесттер алынат.

“Таштүрмө” деген ат менен белгилүү Ташкент облусунун Зангиата районунун №1 тергөө абагына күчөтүлгөн карантин режими киргизилди. Сот жараяндары онлайн режимде өтүүдө. Объектини кайтарган Улуттук гвардиянын жана күзөт кызматынын жоокерлери, мындан тышкары 7 соттолуучу инфекция жуктуруп алуу шеги менен карантинге алынды.

Пикир

Оставить комментарий