• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкентте карантин учурунда той өткөргөн кишиге кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Ташкенттин Юнусабад районунда карантинге карабастан кыз узатуу тоюн өткөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, шаардын 55 жаштагы тургуну өткөргөн тойго достору жана кудалары катышкан. Ал «Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» беренеси боюнча айыпталууда.

Бул беренеге ылайык, кылмыштын оордугуна жараша 50дөн 100гө чейинки базалык эсептик көрсөткүч (1150-2300 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөтүү, же бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин чектөө, же беш жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Бул – Ташкентте коронавируска байланыштуу жарыяланган карантин маалында үйлөнүү үлпөт өткөргөн экинчи учур.

27-мартта Ташкент шаарынын тургундары өлкөдө карантин жарыяланганына карабай, Чилназар районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө аракет жасашканы кабарланган. Турак жайдын жашоочуларынын бири тиешелүү органдага кайрылган соң, ал жерге милиция кызматкерлери, маале өкүлдөрү барып, үйлөнүү үлпөтүн токтотушкан. Тойдун уюштуруучусуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, карантин эрежесин бузгандыгы үчүн 1 миллион сум (100 доллар) өлчөмүндө айып пул салынган.

Өзбекстанда коронавирустун жайылышына байланыштуу карантин 16-мартта жарыяланган. 27-марттан тартып азык-түлүк жана дары-дармек сатып алууну эске албаганда, жөнү жок көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 158ге жетти. Алардын жетөө айыгып чыкса, эки киши каза болду.

Пикир

Оставить комментарий