• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте Каримовдун кеңешчиси камалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. Прокуратура кызматкерлери 24-февралга караган түнү Ташкент облусунун мурдагы прокурору, юстициянын улук кеңешчиси Жамшид Файзиевди өз үйүнөн кармап кетишти.

26-февралда өлкөнүн Башкы прокуратурасындагы булактар кабарлашкандай, ага каршы мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровдун көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иши козголду. Ага ылайык, Файзиев кызмат абалын кыянат пайдаланган жана пара талап кылган деп айыпталды.

Ал Ташкент облусунун прокурору кызматынан былтыр, президент Мирзиёев аны «башкы ууру» деп атагандан кийин бошотулган.

Файзиев 2013-жылы Ислам Каримовдун укук коргоо органдарын координациялоо боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Бул кызматта тогуз ай иштегенден кийин башкы прокурордун орун басары болгон. Мирзиёев бийликке келгенден кийин Ташкент облусунун прокурору кызматына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий