• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ташкентте каржы пирамидасынын аманатчылары акчаларын талап кылышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. 9-августта Ташкент облустук сотунда каржы пирамидасын түзгөн ишкер Ахмад Турсунбаевдин жана анын алты шеригинин иши боюнча экинчи отурум башталды. Анын жүрүшүндө сот күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн укту.

«Ахмадбай» деген ысым менен белгилүү болгон ишкер Ахмад Турсунбаевдин каржы алдамчылыгынан жабыркаган ондогон киши отурумга катыша алган жок. Ага сот залынын адамдарга толуп калышы себеп болду.

– Бул жакка адамдар Ахмадбайдын каржы пирамидасына салган акчалары менен автоунааларын кайтарып берүүнү талап кылып келишти. Бирок аларды сотко тизме боюнча гана киргизишти. Сот ачык болот деп айтылган, бирок 50дөн ашык киши кире албай калды. Залда орун калбай калыптыр, – деди Зарифа аттуу жаран.

Ташкент облустук сотунун кызматкерлеринин бири сотко Ахмад Турсунбаев менен бирге жети кишини, анын ичинде бухгалтери менен казыначылары жеткирилгенин айтты. «Сотко көптөгөн чакырылбаган адам келген, анткени отурумдун ачык болору айтылган. Сот маалында орун жок турган адамдардын баары чыгарылды», – деди ал.

«Чиноз халол чорва» жана «Чиноз авто хамкор» жоопкерчилиги чектелген коомдордун түптөөчүсү Ахмад Турсунбаев каржы пирамидасын түзгөн деп айыпталууда. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Ахмадбай менен анын шериктери элден акча жана мүлктөрдү эки эселик пайыз менен алып, пайда көрө тургандыктарын убадалап келишкен. Турсунбаев өткөн жылы июнда камалган. Далил катары укук коргоо органдары анын 12 миллион доллардан ашык каражатын конфискациялашкан. 38 жаштагы ишкерге ишенип акча бергендердин саны он миңдеген адамды түзөрү айтылууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий