• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташкентте келиндин зер буюмдары конфискацияланды — аларды күйөөсү калың катары берген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Ташкент аэропортунун бажычылары Стамбулдан учуп келген 26 жаштагы Ю.Д. аттуу өзбек жаранынын зер буюмдарын конфискация кылып, аларды кайтарып берүү үчүн 400 доллар пара сурашкан. Бул тууралуу келин өзү «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.

Анын айтымында, зер буюмдарды күйөөсү калың катары берген.

– Аэропортто мен кимдир бирөөнүн декларация толтуруп жатканын байкаган эмесмин. Мени бажычылар токтотуп, зер буюмдарды мыйзамсыз алып киргенимди айтышты. Жанымда жалпысынан 117 грамм бар болчун, алардын 57 граммын алып калып, калганын кайтарып беришти, — деди келин.

Ташкенттин Сергели райондук сотунун көчмө жыйынында конфискацияны мыйзамдуу деп таап, аны 368 миң сум (45 доллар) айыппул төлөп берүүгө милдеттендиришкен.

Өзбекстандын Мамлекеттик бажы кызматынан мыйзамга ылайык, өлкө аймагына бажы төлөмүн төлөбөстөн 65 граммдан ашпаган гана зер буюмдарды алып кирүүгө болорун айтышты. Андан ашкандары боюнча декларация толтуруп, бажы төлөмүн төлөө талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий