• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ташкентте кино искусство тармагындагы окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык конференциясы өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Ташкент шаарында маданият жана кино искусство тармагындагы окуу жайлардын ректорлору катышкан биринчи эл аралык конференция өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Өзбекстан тарабынан уюштурулган "Жибек жолунун бермети" эл аралык кинофестивалынын алкагында "Кино билим берүү тармагындагы тенденциялар жана перспективалар" аталышындагы эл аралык конференция өттү.

Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Грузия, Түркия мамлекеттеринин маданият тармагындагы бир нерче жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты. Жыйындын жүрүшүндө бир катар маданият жана кино тармагындагы маселелер талкууланып, анын жыйынтыгында Өзбекстандын кино агенттигинин директору Фирдаус Абдухаликовдун катышуусунда биргелешкен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Меморандумга ылайык, эми тараптар кино тармагындагы адистерди даярдоодо биргелешкен комплекстүү иш аракеттерди иш жүзүнө ашырышат.

Кыргызстандан эл аралык конференция жүрүшүнө жана макулдашууга кол коюу үчүн Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов катышты.

Пикир

Оставить комментарий