• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ташкентте КР менен Өзбекстандын туризм чөйрөсүндө кызматташуусу талкууланды

Экономика 0

Ташкент, 14-апрель /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. КРнын Өзбекстандагы элчилигинин колдоосу менен КРнын туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов менен Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Анвар Шараповдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу кечээ “Кабар” агенттигинин кабарчысына КРнын Ташкенттеги элчилигинен билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн туризм, анын ичинде атайын туристтик пакет түзүү, биргеликте Улуу Жибек жолу маршруту боюнча туристтик жагымдуу маршруттарды алдыга жылдыруу чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери талкууланды.

А.Шарапов «Issyk-Kul ITF 2017» туристтик көргөзмө-жарманкеге катышуу үчүн Кыргызстанга чакырылды. Аталган иш-чара Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган “Салам, Ысык-Көл-2017” фестивалынын алкагында уюштурулууда.

Ошол эле күнү А.Жаманкулов Өзбекстандын дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Фарход Турдиев менен жолукту. Жолугушууда кыргыз тарап Өзбекстандын спорттук курама командаларын жана машыктыруучуларын Ысык-Көл облусунда алардын эс алуусун уюштуруу жана өткөрүү үчүн кабыл алууга даяр экенин маалымдады.

Жолугушууларга КРнын Өзбекстангады элчиси Данияр Сыдыков катышып жатты.

Жолугушуу кыргыз делегациясынын Ташкент шаарында 2017-жылы 13-14-апрелде өтүп жаткан “Эс алуу дүйнөсү-2017” эл аралык өзбек туристтик көргөзмөсүнө катышуусунун алкагында болду.

Пикир

Оставить комментарий