• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ташкентте Курманжан датка жөнүндө англис тилинде басылып чыккан китептин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Ташкент шаарында 10-Ачык Евразия адабий фестивалы жана китеп форумунун (OEBF) алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов КРнын эмгек сиңирген ишмери Бүбайша Арстанбекованын «Тоолордун ханышасы Курманжан» (Queen Kurmanjan of the Mountains) аттуу англис тилинде басылып чыккан Курманжан датка жөнүндөгү китебинин бет ачарына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчи чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Алай ханышасынын эң бир маанилүү тарыхый ролун, анын XIX кылымдагы чыгыш аялы үчүн өзгөчө тагдырын, ошондой эле көп жагынан кыргыз элинин мындан аркы өнүгүүсүн алдын ала аныктаган Курманжан датканын оор кырдаалда даанышман жана кыраакы башкаруусун белгиледи.

Ошондой эле Курманжан датка эки жолу «датка» наамын алган аймактагы жалгыз башкаруучу аял болгондугун баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында элчи И. Жунусов акын Б. Арстанбековага кыргыз элинин чыгаан кызы – Курманжан датканын өмүр жолу менен жалпы коомчулукту кеңири тааныштыруу максатында анын эмгеги жана аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий