• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ташкентте кыргыз-өзбек авиация коопсуздугу талкууланды

Саясат 0

Ташкент, 11-июль /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков Өзбекстандын учуу тармагында коопсуздукту камсыз кылуу мамлекеттик инспекциясынын башчысы Толиб Ульжаев менен авиация тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгын талкуулашты. Бул тууралуу Ташкенттеги кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Көңүл борборунда Транспорт министрлигинин карамагындагы жарандык авиация менен Өзбекстандын учуу тармагында коопсуздукту камсыз кылуу мамлекеттик инспекциясынын ортосундагы кызматташуу маселеси болду.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Өзбекстандын авиация жетекчилигинин алдыдагы жолугушуусу талкууланды.

Өзбекстандын учуу тармагында коопсуздукту камсыз кылуу мамлекеттик инспекциясы 1998-жылы 16-июнда түптөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий